27-ноябрга карата аба ырайы

27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Шамалдын багыты өзгөрөлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүйдө +16+...21 жана Таласта +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көлдө +6...+11 жана Нарында +5...+10 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +19...+21 жана Ош шаарында +20...+22 градусту көрсөтөт.
Кыргызстан боюнча 2-декабрга чейинки аба ырайынын божомолу