Нарында чек ара чырында көз жумган Нурсултан Жаныбеков атындагы парк ачылды

Нурсултан Жаныбеков 2014-жылдын 9-апрелинде Ош облусундагы №92843 аскер бөлүгүнө мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган. Ал 27 жашта болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан чыккан кагылышууда курман болгон снайпер Нурсултан Жаныбековдун ысымындагы парк оңдоо иштеринен кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.
Эске салсак, Жаныбековдун ысымы Нарын шаарындагы Мазар-Булак аймагындагы скверге ушул жылдын жайында ыйгарылган.
Сейил бактын аянты 10,2 миң чарчы метрди түзөт. Анын ичине тротуар салынып, тийиштүү шарттар түзүлүп, толугу менен жарыктандырылды. Алдыда иштер улантылат.
1 / 4

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан чыккан кагылышууда курман болгон снайпер Нурсултан Жаныбековдун ысымындагы парк оңдоо иштеринен кийин пайдаланууга берилди

2 / 4

Сейил бактын аянты 10,2 миң чарчы метрди түзөт

3 / 4

Анын ичине тротуар салынып, тийиштүү шарттар түзүлүп, толугу менен жарыктандырылды

4 / 4

Алдыда иштер улантылат

Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын даярдыктагы отрядынын жоокери, улук лейтенант Нурсултан Жаныбеков 2022-жылы 27 жашында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда баатырларча курман болгон.
Нурсултан мектепте 9-классты аяктаган соң Агрардык-экономикалык колледжге тапшырган. Кызмат учурунда "Көк-Айгыр" чек ара кызматынын улук аткычы, "Бөрү" атайын даярдыктагы отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атары болуп эмгектенген. 2014-жылдын 9-апрелинде Ош облусундагы №92843 аскер бөлүгүнө аскердик кызматка чакырылган. 2015-жылдын 7-апрелинде кызматын аяктап, Мамлекеттик чек ара кызматынын №2025 аскердик бөлүгүнө кызматка кирген. 2022-жылдын 23-мартында 2054-аскер бөлүгүнүн 6-атайын багыттагы тобунун улук чалгынчы-улук аткычы кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөө үчүн жиберилген. Жаныбековдун мекенине кылган кызматы бааланып, президенттин Ардак грамотасы жана бир катар ведомстволук сыйлык, медалдар менен сыйланган. Нурсултан үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу болчу.
Эскерте кетсек, Тажикстандын Баткендеги чек ара аймактарына куралдуу кол салуусундагы каргашада 2021-жылы апрель-май айларындагы чек арадагы кандуу жаңжалда - 37, 2022-жылдын сентябрындагы кагылышууда 62 кыргызстандык, анын ичинен 42 жоокер курман болгон.
Боздогон эне, атасыз бала. Жүрөктөсүңөр, чек арада шейит кеткен баатырлар