Израиль бошотулгандардын арасында мурда каза болду делген кыз бар экенин билдирди

Буга чейин палестиналык “Исламдык жихад” кыймылы Кацирди ден соолугуна байланыштуу бошотууга даяр экенин айтып, бирок андан кийин кыздын каза болгонун билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) палестиналык ХАМАС кыймылынын барымтасынан бошотулгандардын арасында Палестинанын “Исламдык жихад” кыймылы мурда каза болду деп жарыялаган израилдик Ханна Кацир да бар экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз такталбаган маалыматты таратпастан сак болушубуз керек. Ошентип бир нече күн мурда террордук уюмдар өлтүрүлгөн деп жарыялаган Ханна Кацир үйүнө кайтып келди", — деген ЦАХАЛдын маалымат катчысы Даниэль Хагари.
Буга чейин палестиналык “Исламдык жихад” тобунун аскердик бөлүгү болгон “Аль-Кудс бригада” Кацирди ден соолугуна байланыштуу бошотууга даяр экенин айтып, бирок андан кийин кыздын каза болгонун жарыялаган.
Кечээ, 24-ноябрда, Израиль армиясы менен ХАМАСтын ортосундагы төрт күндүк элдешүү күчүнө кирген. Бул күндөрү Газада согуштун бардык түрү токтотулуп, гуманитардык, медициналык жардам жана отун жүктөлгөн автоунаа колонналары өткөрүлмөкчү. Эң негизгиси, израилдик 50 туткунду 150 палестиналыкка алмаштыруу болот.
Элдешүүнүн биринчи этабынын алкагында израилдик барымтадагы 13 адамдан турган топ (аялдар жана балдар) Израиль бийлигине өткөрүп берилди.
ХАМАС Израиль менен гуманитардык элдешүүгө жетишкенин жар салды