Бишкекте зомбулукка кабылган балдар менен аялдарга төрт автоунаа бөлүндү

Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкекте үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу жана андан жапа чеккен аялдарга, балдарга жардам көрсөтүү үчүн төрт автокөлүк ишке киргизилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Бишкекте үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу жана андан жапа чеккен аялдарга, балдарга жардам көрсөтүү үчүн төрт автокөлүк ишке киргизилет

2 / 3

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди

3 / 3

Мэр Айбек Жунушалиев төрт райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилерине жаңы темир тулпарлардын ачкычын тапшырды

Мэр Айбек Жунушалиев төрт райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилерине жаңы темир тулпарлардын ачкычын тапшырды.
Социалдык автокөлүктөр төмөнкү кызматтарды аткарат;
өмүрүнө коркунуч жаралган балдарды борборлорго жеткирет;
балдарды интернатка которууда тергөө иштерине, соттук териштирүүгө, медициналык текшерүүлөргө алып барат;
кайыр сурап, селсаяктык кылган аялдарды, балдарды тактап аныктоодо ыкчам жетип барат;
турмуштук оор кырдаалга кабылган кичинекейлерди табуу боюнча шаардык жана райондук рейддерге чыгат.
Акылбек Жапаров аялдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү