Нарын: 8-класстын окуучусу автоунаа менен сүзгөн аял көз жумду. Видео

Өспүрүм эч ким жокто агасынын короодо токтоп турган машинасын айдап чыгып, кырсыктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Нарында жашы жете элек бала агасынын автоунаасын айтпай айдап чыгып, адамды өлтүрө сүзүп алган деп шектелип жатат. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынан кабарлашты.
21-ноябрда Д.Э. аттуу окуучунун ата-энеси шаарга кетип, үйдө жалгыз калган. Ал агасынын короодо токтоп турган автоунаасын ачкычы жок, өз алдынча от алдырып айдап чыккан.
Нарын шаарынын Жаңы-Жол көчөсүнө бурулуп жатып жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерин көрүп, катуу ылдамдыкта качкан. Бул учурда жолдун чети менен жөө келе жаткан 41 жаштагы И.Э. аттуу аялды сүзгөн, андан кийин жолдон чыгып кетип, трансформатордун бетонун сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен аял кырсык болгон жерде көз жумган.
"Окуядан кийин ал окуучунун агасы жана жакын туугандары Нарын РИИБи боюнча ЖККБнын кызматкерин ур-токмокко алышкан. Алар кызматкерден көз жумган адамдын туугандарынан кечирим суроону талап кылышкан. Кызматкер денесинен жаракат алып ооруканага жаткырылган", — дешти мекемеден.
Азыркы учурда бул факт боюнча бардык тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө иштери жүрүп жатканын айтышты.
Токмокто жөө адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды