БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Эртең, 26-ноябрда күн ачык болорун Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +14...+19, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +5...+10 градус болот.
Борбор калаада күндүн табы +16...+18, Ош шаарында +17...+19 градуска чейин көтөрүлөт.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турганы менен катуу болбостугун, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетип турарын айтышты.