Жунай Мавляновдун 100 жылдыгына карата китептеринин көргөзмөсү ачылды. Сүрөт

Тарыхый инсандын 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, Жунай Мавляновдун жакындары катышканы айтылды.
1 / 3

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун эмгектеринин көргөзмөсү ачылды.

2 / 3

Иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, Жунай Мавляновдун жакындары катышканы айтылды.

3 / 3

Кыргыз эл жазуучусунун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, башка да бир катар иш-чаралар өткөнү кошумчаланды.

"Көргөзмөгө жазуучунун китептери, сүрөттөрү, өмүрү жана чыгармачылыгына арналып жазылган гезит-журналдагы макалалар коюлган", — деп жазылат маалыматта.

Кыргыз эл жазуучусунун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, башка да бир катар иш-чаралар өткөнү кошумчаланды.
Бүтүндөй өмүрүн агартуучулукка арнаган жазуучунун "Жүрөк", "Аркыт гүлдөрү", "Мөл булак", "Бекиш, сага эмне болду?", "Күтүү", "Менин күндөлүгүм", "Ачык асман", "Келе колуңду", "Чагылган", "Нан", "Турмуш" жана башка поэзия жана проза жыйнактары жарык көргөн. "Ачык асман", "Бийиктик", "Жаңы таң" романдары, ошондой эле аңгеме, повесттери украин, беларус, татар, башкыр, якут, француз, немец, англис, чех тилдерине которулганы айтылды.
Жунай Мавляновго СССРдин эл агартуу отличниги, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген наамдар берилген. Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, Кыргыз Республикасынын II даражадагы Манас ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Аксы районунун Кербен шаарындагы лицей-интернатка ысымы ыйгарылган. 2008-жылы Бишкекте жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган.
Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Программа