Бишкекте Пушкиндин 225 жылдыгына карата көргөзмө ачылды

Иш-чара борбор калаадагы "Русский дом" өкүлчүлүгүндө өтүп, эки жумага созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы "Русский дом" Александр Пушкиндин 225 жылдыгына карата көргөзмө уюштуруп, анын окурмандарын кабыл алууда.
Бул иш-чаранын ачылышына КРСУ, БМУнун студенттери, шаардагы китепканалар менен музейлердин кызматкерлери келди.
Пушкин атындагы бүткүл россиялык музейдин "А.С. Пушкиндин кереметтүү жомоктору" деп аталган көргөзмөсү китептерге басылган живопись жана графикада тартылган иллюстрацияларды тартуулайт. Андан сырткары, кызыккандар театрга коюлган чыгармалардагы костюмдардын, декорациялардын эскиздери менен тааныша алышат.
1 / 6

Борбор калаадагы "Русский дом" Александр Пушкиндин 225 жылдыгына карата көргөзмө уюштуруп, анын окурмандарын кабыл алууда.

2 / 6

Бул иш-чаранын ачылышына КРСУ, БМУнун студенттери, шаардагы китепканалар менен музейлердин кызматкерлери келди.

3 / 6

Пушкин атындагы бүткүл россиялык музейдин "А.С. Пушкиндин кереметтүү жомоктору" деп аталган көргөзмөсү китептерге басылган живопись жана графикада тартылган иллюстрацияларды тартуулайт.

4 / 6

Андан сырткары, кызыккандар театрга коюлган чыгармалардагы костюмдардын, декорациялардын эскиздери менен тааныша алышат.

5 / 6

Көргөзмөгө келгендер "Руслан и Людмила", "Сказка о мертвой царевне и семи богатырях", "Сказка о золотом петушке" чыгармаларын кайрадан эске салат.

6 / 6

Иш-чаранын Россиянын тарыхы менен маданиятын үйрөнүүгө багыт берип, маданий, руханий жана тарыхый мурастарды сактап калуу максатында уюштурулуп жатканы айтылды.

Көргөзмөгө келгендер "Руслан и Людмила", "Сказка о мертвой царевне и семи богатырях", "Сказка о золотом петушке" чыгармаларын кайрадан эске салат.
Иш-чаранын Россиянын тарыхы менен маданиятын үйрөнүүгө багыт берип, маданий, руханий жана тарыхый мурастарды сактап калуу максатында уюштурулуп жатканы айтылды. Мындан сырткары, улуу талант Пушкиндин жана анын чыгармачыл мурастарына окурман журтунун жана илимий кызыгууну арттыруу каралган.
Көргөзмөдө Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Баира Буваева канчалаган муун акындын чыгармалары менен кичинекей кезинен тарта таанышарын белгиледи. Андан сырткары ар кыл тармактарга кеңири тарап жатканына токтолду.
"Пушкинди кайталап окуп, сюжеттерин жаңы өңүттөн түшүнө баштайбыз. Анын чыгармалары көптөгөн сценарийчилер үчүн эргүү жаратып, жомоктору адабиятта эле эмес, театрда, көркөм искусстводо, операда жана башка дагы маданий тармактарда өзүнүн ордун таап келет", — деген ал.
Уюштуруучулар көргөзмө дагы эки жумага уланарын айтышты.
Радио
Куурчак театры Пушкиндин 225 жылдыгына даярданууда