БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарын экинчи "экономикалык жүрөк" кылабыз. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Ал бүгүн республикалык бюджеттин аткарылышы жана кийинки жылга карата болжолу тууралуу баяндама жасады.
Өкмөт башчынын айтымында, Жалал-Абад калаасына 2 миллиард сом бөлүнгөн. Эмдиги жылы Түндүк — Түштүк альтернативалык жолу бүтөт, темир жол дагы ушул аймактан өтөт. Жаңы аэропорт курулат.
"Ошентип бизде жеке эле Бишкек эмес, Жалал-Абад шаары дагы адам баласынын эки бөйрөгүндөй эле экинчи экономикалык борбор болот деген ниеттебиз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Ош шаарында да өнүгүү болуп жатканын белгилеп, ал жакка дагы республикалык бюджеттен колдоо көрсөтүлөрүнө убада берди.