Израиль Газадагы туткундардын бошотула турган мөөнөтүн билдирди

Катардын ортомчулугунун аркасында Израиль менен ХАМАС согуш башталгандан тарта биринчи ирет шаршемби күнү масштабдуу макулдашууга барды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Израилдин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин жетекчиси Цахи Ханегби Газадан барымтадагыларды куткаруу жумадан эрте башталбай тургандыгын, сүйлөшүүлөр үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Туткундалгандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып, иш жүрүп жатат. Аларды бошотуп алуу биринчи макулдашууда айтылгандай, жума күндөн эрте башталбайт", — деген Ханегби.
Катардын ортомчулугунун аркасында Израиль менен ХАМАС согуш башталган 7-октябрдан тарта биринчи ирет шаршемби күнү масштабдуу макулдашууга барды. Тараптар төрт күн чатакты токтотмой болушту. Бул эки жактагы туткундарды алмашуу үчүн жасалмакчы. Макулдашуу бейшемби күнү күчүнө кирет дешти.
ХАМАС Израиль менен гуманитардык элдешүүгө жетишкенин жар салды