Пресс-борбор

Глобалдуу жылуулуктун кыргызстандыктарга тийгизген таасири айтылды

Райымкулова климаттын өзгөрүшүнөн ичүүчү жана сугат суулары жетишсиз болуп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч тууларын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Глобалдуу жылуулук Кыргызстанда табигый кырсыктардын санын көбөйтүп, адамдардын жашоо деңгээлин начарлатат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшү. Жаратылыш министрлиги кандай чара көрөт?" брифингинде сүйлөгөн.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова
"Ар жылы өлкө сел, ысык, кургакчылык сыяктуу климаттын түрдүү кубулушуна көп кабылууда. Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанда жакырчылыкты, миграцияны жана теңсиздикти тездетет", — деген министрдин орун басары.
Анын айтымында, өзгөчө бийик тоолуу аймактардын жашоочулары кыйын кырдаалга кептелмекчи. Климаттын өзгөрүшүнөн ичүүчү жана сугат суулары жетишсиз болуп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурат. Мындан тышкары, тоо жана токой экосистемаларын жоготуу коркунучтары жогорулап жатканы кошумчаланды.
Пресс-борбор
Министрлик: Кыргызстандагы мөңгүлөр айтылгандан эртерээк эрип кетиши мүмкүн