БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев унаа тыгыны көйгөйүн чечпесе иштен кетет. Бул тууралуу Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Ал калаа башчысына 2024-жылдын I кварталынын соңуна чейин убакыт берилгенин белгиледи.
Ошондой эле өкмөт башчы көйгөйдү чечүүнүн бир жолу катары темир жолдорду кесип өтүүчү бир нече жол ачуу керектигин айтты. Эгер мэр ушул долбоорду даярдап келсе каржылоого даярдыгын билдирди.
Негизи эле башкы планда темир жолдорду шаардын сыртына чыгаруу каралган.