БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук госпиталда жаңы МРТ ишке киргенине байланыштуу акысыз жасалчу диагностикага жазылгандардын тизмеси толуп калгандыгын билдирип, жагдайдын себебин түшүндүрдү.
Эске салсак, аталган министрлик үч күндүк акция жарыялап, муктаж болгондор жаңы магниттик-резонанстык томографиядан алдын ала катталып, бекер өтө аларын кабарлаган эле.
Бирок шаардыктар көрсөтүлгөн телефон номерлери иштебей жаткандыгын айтып редакцияга кайрылышкан.
Бул боюнча Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Бүбү Ибраимова түшүндүрмө берип, ага техникалык шарттар себеп болгонун айтты.
"Үч күндүк акция жарыяланган. Бүгүндөн баштап саат тогуздан төрткө чейин иш жүрүп жатат. Жолдомо менен келип жазылышкан. Бир күндө 10 бейтапты өткөрүп жатабыз. Элдин кайрылуусу абдан көп болууда... Аппараттын кубаттуулугу ошого туура келгендиктен, акцияга жазылбай калгандар болууда. Тагыраагы, акцияга жазылуу толук токтотулду", — деди Ибраимова.
Дарыгер МРТ аппарат күнүнө 10 кишини өткөрө аларын, үч күнгө 30, ашып кетсе 32 киши болушу мүмкүндүгүн айтып, андан ашса оордук келерин кошумчалады.