БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жыл аягына чейин "Рулда" аттуу рейд жүргүзүлөрүн ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чараны аталган башкармалыктын атайын ротасы өткөрөт.
"Рейдге журналисттер дагы тартылып, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ылдамдыкты сактабай, мас абалында автоунаа айдагандарга катуу чаралар көрүлөт", — деп жазылат маалыматта.