БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Мэрия Бишкекте көмүрдүн баасы тууралуу маалымат берип, кара алтынды кымбат саткандарга айып салынарын эскертти.
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, райондук администрация өкүлдөрү жана Монополияга каршы кызматы кара алтындын кымбатташына жол бербөө максатында сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
"Бүгүнкү күндө Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 6 000 сом, Кара-Жыра 6 200 сом, Шабыркүл 6 200 сомдон сатылып жатат", — деп айтылат кабарда.
Монополияга каршы кызматы Путепроводная көчөсүндө жайгашкан көмүр кампасынын ээсине таразага күбөлүгү жок болгондуктан 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салганы маалым болду.