Лавров Газа боюнча тыштан колдоонун талаптарын белгиледи

Министр Москвада Араб мамлекеттер лигасы жана Ислам кызматташуу уюмунун (ИКУ) биргелешкен комитетинин мүчөлөрү менен жолукту.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Палестина-Израиль маселесин чечүү үчүн сырткы колдоо механизми региондогу өлкөлөрдүн позициясын эске алышы керек. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавровдун айтканын Sputnik радиосу жазды.
Бүгүн Москва шаарында Лавров Араб мамлекеттер лигасы жана Ислам кызматташуу уюмунун (ИКУ) биргелешкен комитетинин мүчөлөрү менен жолукту. Аталган комитетке Сауд Арабиясынын, Иорданиянын, Египеттин, Индонезиянын, Палестинанын ТИМ башчылары жана ИКУнун башкы катчысы кирет.
"Биз азыр эки мамлекеттик чечимдин негизинде узак мөөнөттүү, туруктуу жөнгө салуунун шарттарын макулдашуу үчүн "тышкы колдоо" механизмин түзүү жөнүндө олуттуу ойлонушубуз зарыл. Мындай механизм чынында эле репрезентативдүү болорун ойлонолу. Аны менен катар эле дал ушул региондун өлкөлөрү кийинки жылдары, узак мезгилге чейин баарына ылайыктуу чечимге кантип жетүүнү башкаларга караганда жакшыраак түшүнө тургандыктарын толук эске алуу керек", — деген Лавров.
ХАМАС лидери Израиль менен убактылуу элдешүүгө аз калганын жар салды