Кыргызстан менен Өзбекстан "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" боюнча тасма тартат

Эки өлкөнүн киночулары буга чейин "Однажды в Самарканде" деп аталган тасма тартуу боюнча да макулдашышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстан жана Өзбекстан Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" повести боюнча биргелешип көркөм тасма тартуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, эки өлкөнүн кинематографисттери документке 20-ноябрда Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында кол коюшкан.
Меморандумга кол коюу иш-чарасында улуу жазуучунун чыгармаларын экрандаштыруунун актуалдуулугу, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кино тартуу иштерин жандантып, алаканы бекемдөө макулдашылган.
Министрлик 2023-жылдын сентябрь айында Ташкенттеги "Жибек Жолунун бермети" эл аралык кинофестивалынын жарманкесинде Кыргызстандын Кинематография департаменти менен Өзбекстандын Кинематография агенттиги "Однажды в Самарканде" аталышындагы көркөм тасма тартуу жөнүндө меморандумга кол коюшканын эске салды.
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү