Кыргызстанда болочок энелер үчүн телеграм-бот ишке киргизилди

Чат-ботто кош бойлуу учурунда жана төрөттөн кийинки кепилденген медициналык кызматтар, жеңилдиктер тууралуу кыргыз, орус тилдеринде маалымат берилип турмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду "ФОМС — вы будете мамой!" аттуу телеграм-ботту ишке киргизди.
Чат-ботто баланы пландоо, кош бойлуу учурунда жана төрөттөн кийинки кепилденген медициналык кызматтар, жеңилдиктер тууралуу кыргыз, орус тилдеринде маалымат берилип турмакчы.
Анда зомбулуктан жапа чеккендерди колдоо кызматтарынын даректери да көрсөтүлгөн.
Бот Саламаттык сактоо министрлигинин клиникалык протоколдоруна жана клиникалык көрсөтмөлөрүнө негизделип иштелип чыккан. Аны Телеграмдан "ФОМС — вы станете мамой!" деп жазып тапсаңыз болот.
Адистер кош бойлууларга эң керектүү деген витаминдерди санап беришти