Акылбек Жапаров: жакыр бүлөлөргө жардам кытай методологиясы менен берилет

Жапаров өлкөдө жөлөк пулдар көбөйгөнүн айтып, чыгым жагын катуу ревизия кылуу каралып жатканын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Кыргызстан кийинки жылдан баштап жашоо деңгээли төмөн үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө Кытай методологиясына өтө тургандыгын билдирди.
Анын айтымында, кытай методологиясы тууралуу коңшу өлкөнүн премьер-министринин расмий сапары учурунда терең билүүгө мүмкүн болгон.
"Биз Дүйнөлүк банктын методологиясы менен жүрөбүз. Ошол боюнча бизде 1,5 миллион автоунаа бар, бирок баары эле жакыр. Кытай тараптан сурасак алар ар бир үйдү сүрөткө тартып, үй-бүлөнүн кирешесин көрүп, анан жардам берет экен. Биз кийинки жылы ушундай методологияга өтөбүз. Азыр 212 миң үй-бүлөнү сүрөткө тартып бүтүрдүк. Ким кедеймин десе, аны сүрөткө тартып алабыз. Пособие алгандарды телевидениеге, анан интернетке үйү, машинасы менен сүрөткө тартып, ушул киши пособие алып жатат деп элге жарыялоо каралууда", — деген Жапаров.
Ал өлкөдө жөлөк пулдар көбөйгөнүн айтып, чыгым жагын катуу ревизия кылуу каралып жатканын кошумчалады.
Акылбек Жапаров: кийинки жылы аз акча алгандардын гана айлыгы көтөрүлөт