БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги фермерлерге мал-жандыкты милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүү керектигин эскертти.
Мекемеден белгилешкендей, ири чарбаларга өз ара эсеп жүргүзүү үчүн кошумча бирка такканга уруксат берилет.
"Бирок ЖИКС маалыматтык тутумуна мамлекет тарабынан гана берилген бирка катталат. Мал-жандыкты идентификациядан өткөрүү жеке ветеринардык адистер тарабынан бирка тагуу, чип басуу жана ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизүү менен ишке ашырылат. Жеке ветеринардык адистер айлык албагандыгына байланыштуу көрсөткөн кызматы үчүн мал ээсинен акы алат. Акы жергиликтүү бийлик тарабынан бекитилет", — дешти министрликтен.
Ошондой эле жогорудагы кызматтар үчүн орточо бааны жарыялаган:
ири мүйүздүү малга, чочколорго бирка тагуу – 50 сом;
жылкыларга чип тагуу – 150-200 сом;
койлорго чип тагуу – 20 сомду түзөт.
Идентификация эт жана сүт азыктарын экспорттоону жолго коюунун маанилүү элементтеринин бири болуп саналат.