БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы алгачкы жеңишинен кийин 16 миң доллар алат.
Жалпы сумманын 12 миң доллары базалык төлөм, калган төрт миңи медиа иш-чараларга катышканы үчүн берилген.
Абсолюттук мушташ боюнча чемпионатта көбүрөөк беттеш өткөргөн анын атаандашы Урос Медич 44,5 миң доллар алды.
Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу мелдештин экинчи раундунда Медичти муунтуу ыкмасы менен жеңген. Беттеш дем алышта Лас-Вегаста өткөн. Оролбай уулу алдыда 70 килограммга чейинки категорияда үч беттеши бар экенин айтып, дагы мыкты кармаштарды көрсөтө турганын белгилеген.
Мыктыбек ММА уюмунда 13 беттеш өткөрүп, анын 12син жеңип, бир ирет утулуп калган.