Ноябрдын аягында Кыргызстанга Япониянын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү келет

Жапаров Япониянын "Ротобо" бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен ишкердик жолугушуу өткөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ноябрдын аягында Кыргызстанга Япониянын алдыңкы компаниялары менен ири ишканаларынын өкүлдөрү келет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы Япониянын "Ротобо" ассоциациясынын президенти Масами Иидзиманын айтымына таянып кабарлады.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы учурда расмий сапары менен Японияда. Анын алкагында президент "Ротобо" бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен ишкердик жолугушуу өткөргөн.
1 / 2

Ноябрдын аягында Кыргызстанга Япониянын алдыңкы компаниялары менен ири ишканаларынын өкүлдөрү келет

2 / 2

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы Япониянын "Ротобо" ассоциациясынын президенти Масами Иидзиманын айтымына таянып кабарлады

Ассоциация президенти Масами Иидзима Япония өкмөтү Борбор Азия менен кызматташууга кызыкдар болуп жатканын белгилеген.
"Масами Иидзима ушул жылдын ноябрь айынын аягында 20 адамдан турган эксперттик топ Кыргызстанга жөнөтүлөрүн, алар Япониянын алдыңкы компаниялары менен ири ишканаларынын өкүлдөрү болорун билдирди. Сапардын алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Анын ичинде делегация Бишкек эркин экономикалык зонасына барып, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөрү күтүлүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Иидзима япон тарап Кыргызстан менен экономикалык жаатта кызматташууга кызыкдар экенин айтып, туризм, айыл чарба, энергетика, өнөр жай сыяктуу багыттар боюнча бизнес-диалогду жандандырууга даяр экенин белгилеген.
Өз учурунда Садыр Жапаров жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн Кыргызстан ири жаратылыш байлыгына, энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин ири запастарына, ошондой эле квалификациялуу жумушчу күчкө ээ экендигине бурган.
"Президент кыргыз тарап менен ГЭСтерди куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, ошондой эле бул багыттар боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жаатында кызматташуу зарылдыгына токтолгон", — деп жазылат кабарда.
Садыр Жапаров япон компанияларын Кыргызстанга чакырды