Нарын менен Ысык-Көлдүн картошкасы Ташкентке экспорттолот

Товар алгач лабораторияда экспертизадан өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстан эми Өзбекстанга картошка экспорттой баштайт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков коңшу мамлекеттин ири импортерлору менен Нарын жана Ысык-Көлдө өстүрүлгөн картошканы экспорттоо боюнча келишимге кол коюшкан.
"Товар алгач лабораторияда экспертизадан өтүп, биринчи партиясында 1000 тонна жөнөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ушул жылдын январынан августка чейин картошка 34,5 пайызга кымбаттаган.
Майда чарбалар эмес, ири корпорациялар керек. Айыл чарбасы канткенде өнүгөт?