Кыргызстандык дзюдочу Жанар Жолдошева Азия чемпиону болду. Видео

15-17 жаштагы дзюдочулар арасындагы мелдеш Ташкент шаарында өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Жанар Жолдошева кадеттер арасында Азия чемпиону болду. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлады.
15-17 жаштагы дзюдочулар арасындагы мелдеш Ташкент шаарында өткөн.
Жанар килемге 57 килограмм салмакта чыгып, чейрек финалда ирандык, жарым финалда кытайлык, ал эми чечүүчү кармашта өзбекстандык спортчуну уткан.
Мындан сырткары, дагы бир кыргызстандык спортчу Акмаржан Турдажиева күмүш медаль тагынган. Ал эми Даут Полтушев жана Арсен Анарбеков коло байге алган.
Бишкекте фехтование боюнча чемпионат өтөт. Убактысы