Баңгизат жайылтууга жаштар тартылып жатат! УКМКнын ата-энелерге эскертүүсү

Атайын кызмат мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан ашкан адамдар 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратыларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. УКМК бүгүнкү күндө баңгизат сатууну уюштурууга жаштар көп тартылып жатканын айтып, ата-энелерди балдарына көбүрөөк көз салууга чакырды.
"Бүгүнкү күндө синтетикалык дары-дармектердин жаңы түрлөрү көп жана тез чыга баштады. Аларды сатуу иштерине акчага азгырылган жаштар тартылып жатат. УКМК ата-энелерди балдарына ар дайым көз салып, алардын убактысын жана чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат", — деп жазылат маалыматта.
Атайын кызмат мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан ашкан адамдар 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратыларын эскертти.
Буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Уюштуруу аналитикалык башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Айдар Шигаев Кыргызстанда психотроптук дары-дармектерди колдонуу балдар арасында кеңири жайылганын айтып, аларды колдонгон өспүрүмдөр тескери жолго көп барып жатканын белгилеген.
Радио
Шигаев: балдар арасында "дары наркоманиясы" кеңири жайылууда