БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга 64 суу сактагыч куруу пландалууда. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Жакында эле Евразия өнүктүрүү банкы 2028-2029-жылдары Борбор Азияда суу тартыш болору тууралуу божомолун жарыялаган. Министр суу тартыштыгына Кыргызстанда кандай даярдыктар көрүлүп жатканын айтты.
Жаныбеков өлкө башчысы бул маселени БУУнун Башкы ассамблеясында жана Глазгодо өткөн климаттык саммитте көтөргөнүн эске салды. Анын айтымында, Айыл чарба министрлиги климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана сууну оптималдаштыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыккан.
2022-жылы ирригацияга 1 миллиард сом бөлүнгөн. Бул суу коромжусун 10 пайызга кыскартууга жана суу берүүнү 20 пайызга көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берген. Министр бул жылы ушундай эле каражат бөлүнгөнүн айтып, каражат кырдаалды бир топко жакшыртарын белгилеген. Мындан тышкары, фермерлерге тамчылатып сугаруу үчүн жабдуу алууга лизинг берилери айтылды.
"Суунун баарын бир жерге чогултуу үчүн 64 суу сактагыч куруу пландалууда. Айрым объектилерди долбоорлоо иштери башталды", — деген министр.