КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы

Матвиенко: Путиндин КРге болгон сапары кызматташуунун келечеги кең экенин тастыктады

Ал Кыргызстан Россиянын ишенимдүү өнөктөшү бойдон кала берерин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жакында болгон иш сапары эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, коопсуздук, маданий-гуманитардык жааттагы алаканын келечеги кең экенин дагы бир ирет тастыктады. Бул тууралуу Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Россиянын ишенимдүү өнөктөшү бойдон кала бермекчи.
"Бизди бир тарыхый тагдыр, элдердин бекем достугу бириктирип турат. Ошол себептен ортодогу мамилебиз да жакшы", — деген Матвиенко.
Федерация кеңешинин башчысы кыргыздардын коомдук турмушунда курултай негизги орунду ээлеп келгенин айтып, кыргыз парламенти да курултайдын негизинде түзүлгөнүн белгилеген.
"Кыргыз парламенти өлкө өнүгүүсүндө совет доорунда да, эгемен Кыргызстандын калыптануу этабында да маанилүү роль ойногон. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш Кыргызстанда адам укуктарын жана эркиндигин коргоп, мыйзамды сактаган өлкөнүн саясий системасынын негизги элементтеринин бири болуп саналат", — деген ал.
Матвиенко парламенттин ачык-айкындуулукту камсыз кылган ишмердүүлүгү жогорку баага татый турганын кошумчалаган.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Кыргыз парламенти 85 жылда кантип өзгөрдү? Кызыктуу тарыхый фактылар