Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөрү күтүлүүдө

Иш-чара ноябрдын аягына белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Ноябрдын аягында Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрүнүн өтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) программалык координатору Мехмед Бодур

2 / 2

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов

Министр Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) программалык координатору Мехмед Бодур менен жолугушуп, эки өлкөнүн маданият тармагында маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатканын сөз кылган.
"Жолугушуунун жүрүшүндө министр үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягында Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү пландаштырылганын билдирди", — деп жазылат маалыматта.
Радио
Момунбаева: улуу памирликтер элечектин байыркы технологиясын сактап келишет