Ош: күрөөгө ташталган 60 даана iPhonе телефонунун кутусунан буроо чыккан

Тартип сакчылар бул кылмышка шектүү катары 21 жаштагы кызды жана Коён каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Ош шаарында күрөө катары 60 даана iPhonе телефонун таштап кетишкен. Убакыт созулуп кеткенде ал киши кутуларды ачса, ичинен аппарат эмес темир буроолор чыкканын Ош милициясынан кабарлашты.
Бул боюнча арыз менен тартип сакчыларына 28 жаштагы киши кайрылган.
1 / 3

Тартип сакчылар бул алдамчылыкка шектүү катары 21 жаштагы кызды жана Коён каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашкан

2 / 3

Белгилей кетсек, эркек киши төрт жолу соттолгон. Быйыл январда Ошто арматура менен катуу сабалган

3 / 3

Ош шаарында күрөө катары 60 даана iPhonе телефонун таштап кетишкен. Убакыт созулуп кеткенде ал киши кутуларды ачса, ичинен аппарат эмес темир буроолор чыкканын Ош милициясынан кабарлашты

Ага чыккан "сатып алуучулар" эки KIA Sorento автоунаасын 45 миң долларга баалап, акчасын кийин берүүгө убада берген.
"Ал күрөө катары iPhone 14 жана 15 үлгүсүндөгү 60 даана аппарат таштап кеткен. Автокөлүктөрдүн ээси акчасын күтө берип, акыры чыдамы кеткенде телефондордун кутусун ачканда аппараттын ордуна кебезге оролгон темир буроолор чыккан", — деп айтышты милициядан.
Тартип сакчылар бул алдамчылыкка шектүү катары 21 жаштагы кызды жана Коён каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашкан. Белгилей кетсек, эркек киши төрт жолу соттолгон. Быйыл январда Ошто арматура менен катуу сабалган. Ал эми августта бирөөгө бычак уруп кармалып, кийин аны сот үй камагына чыгарган.
ИИМ: Оштогу адам өлтүрүүгө катышкандардын баары соттолгондор