КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы

Бишкекте Матвиенко Ленинград блокадасынын курмандыктарын эскерди. Видео

Бул күндөрү Кыргызстандын борборунда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын сессиясы өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жетектеген депутаттардан турган делегация Бишкектеги мемориалда Ленинград блокадасынын курмандыктарын эскерди. Бул тууралуу маалымат Федерация кеңешинин Telegram-каналына жарыяланды.
Делегаттар эстеликке гүл коюшту. Монумент Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинграддан эвакуацияланган балдарды баш калкалатып, баккан кыргызстандыктарга арналган.
Кыргыз ССРине кан күйүп турган ал жылдары курчалган шаардан 16 миңге чукул жашоочулары эвакуацияланган. Булардын ичинен 3,5 миңи балдар эле, 800үнө чукулу ата-энесиз калган. Аларды кыргызстандыктар бооруна кысып, асырап, багышкан.
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Күрмөнтү айылынын айылдык кеңешинин төрагасы Токтогон Алтыбасарова согуш жылдары Ленинград блокадасынан алып келинген 150 баланы камкордугуна алган. Айылга жеткирилген бир дагы бала көз жумган эмес.
16-17-ноябрда Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын сессиясы өтүп жатат. 2023-жылы КМШга Кыргызстан төрагалык кылууда. Иш-чаранын башкы темасы — орус тилинин КМШдагы улут аралык пикир алмашуу тил катары калыптанганы туурасында болду.
Алтыбасарова тууралуу тасманын долбоору КМШ кинофестивалынын питчингинде жеңди