КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы

Беларусь парламентинин төрайымы: Бишкек маанилүү чечимдердин борбору болуп калды

Наталья Кочанова Кыргызстан Беларусь үчүн ар дайым достук маанайдагы жакын өлкө бойдон каларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкек конструктивдүү демилгелер менен КМШ, ЕАЭБ жана ШКУнун маанилүү стратегиялык чечимдеринин борборлорунун бири болуп калды. Бул тууралуу Беларустун Республикалык кеңешинин Улуттук жыйналышынын төрайымы Наталья Кочанова Жогорку Кеңештин 85 жылдык мааракесине арналган конференцияда билдирди.
Анын айтымында, юбилейлик дата бардык "парламенттик үй-бүлө" үчүн майрам болуп саналат.
"Беларусь үчүн Кыргызстан ар дайым достук маанайдагы жакын өлкө бойдон калат. Беларусь лидери Александр Лукашенко эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгы менен куттуктоо сөзүндө белгилегендей, биздин мамлекеттер бирдиктүү жолду татыктуу басып өттү. Минск менен Бишкектин кызматташуусу терең жана ар тараптуу маанайда өнүгүүдө. Эки өлкөнүн парламенттеринин көп пландуу кызматташуусу дагы активдүү өнүгүп жатканына чын дилден сыймыктанабыз", — деди Кочанова.
Ал кыргыз кесиптештеринин улуттук укуктук системаны жакшыртуудагы уникалдуу тажрыйбасы, эффективдүү жана жолго коюлган иши башкаларга үлгү экенин кошумчалады.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Кыргыз парламенти 85 жылда кантип өзгөрдү? Кызыктуу тарыхый фактылар