Байден Си Цзиньпин менен жолуккандан көп өтпөй, аны "диктатор" деп атады

Эки мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусу кечээ Сан-Францискодо болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолуккандан кийин ал туурасындагы "диктатор" деген пикирин өзгөрткөн эмес. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Уксаңар, ал ошондой эле. Диктатор дегенибиз, өкмөтү биздикинен толугу менен өзгөчөлөнгөн коммунисттик партияны жетектеген адам", — деген Байден. Мындай пикирин ал журналисттердин Си Цзиньпинге жолуккандан кийин пикири өзгөргөн-өзгөрбөгөндүгүн сургандан кийин билдирген.
Эске салсак, эки мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусу кечээ Сан-Францискодо АТЭС саммитинин алкагында болгон. Алар эки тараптуу кызматташууну талкуулашкан.
Эске салсак, Байден Кытай лидери Си Цзиньпинди буга чейин да диктатор деп атаганы бар. Ал кытайдын аэростатынын атып түшүрүлүшүнө байланышкан окуядан кийин болгон.
АКШ Кытай менен Россиянын айласын таппай турат. Дүйнөлүк абалга сереп