Белгилүү саясий жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев дүйнө салды

Топчубек Тургуналиев "Манас" эпосун жайылтууга салым кошкон адамдардын бири болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Белгилүү саясий жана коомдук ишмер, профессор Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынан кабарлашты.
"Топчубек Тургуналиев "Манас" эпосун жайылтууга салым кошкондордун бири. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Манас таануу институтун ачууда, "Манас" жана Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук академияны негиздөөдө анын эмгеги зор... Даанышман аксакалыбыздын жаркын элеси түбөлүккө биз менен", — деп жазылат билдирмеде.
Топчубек Тургуналиев 1941-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган.
Суу астында калган айылын эстегенде... Манасчы Салимбай Турсунбаевди эскерүү