Өзгөндөгү жол кырсыктан үч адам каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Өзгөн районундагы жол кырсыктан үч адам каза тапты.
Облустук милициянын маалыматына караганда, Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунаа трассадан чыгып кеткен. Болжол боюнча, айдоочу рулда баратып уктап кеткен. Салондо жүргүнчүлөр да болгон, алар Ошко конокко барып, Жалал-Абадга кайтып келе жатышкан.
Эки адам мүрт кетсе, бирөө ооруканадан үзүлгөн.
Токмокто жөө адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды