Бишкекте Болот Шамшиев менен Айтурган Темированын муралы пайда болду

Эмгек Кыргызстандын мурастарын, Шамшиевдин чыгармачылыгында чагылдырылган адамдык баалуулуктарды сактоо максатында түзүлгөндүгүн айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Борбор калаада "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинофильминин режиссеру Болот Шамшиев менен анда роль ойногон Айтурган Темировага арналган мурал пайда болду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Эмгек Кыргызстандын мурастарын жана Болотбек Шамшиевдин чыгармачылыгында чагылдырылган адамдык баалуулуктарды сактоо максатында түзүлгөн", — деп айтышты мэриядан.
Кыргыз Республикасынын эл артисти Болотбек Шамшиев "Ысык-Көлдүн кызгалдактарын" 1972-жылы тарткан. Ал эми анын жубайы, КРдин эл артисти Айтурган Темирова фильмде Кадичанын ролун ойногон. Фильмдин жылдызын жандырган атактуу актер, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Сүймөнкул Чокморов болгон. Ал Карабалтанын ролун аткарган.
1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда фильм атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги Бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов "Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн" диплом жана сыйлыкка арзыган.
Эл аралап маалымат чогулткан Шамшиев. "Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" сүрөттөр