Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Авдеев, Купянск... Эксперт кармаштын катуу жүргөн жерлери боюнча айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Авдеевдегилер качан тынчып, россиялык армия Купянскиге жылган шарттардын жаралышы боюнча аскерий эксперт Александр Хроленко карта менен көрсөтүп айтып берди. Ал кармаштын эң катуу болуп жаткан жерлерине токтолду.
"Авдеев илмеги уланууда. Зеленский Украинанын коопсуздук кызматы менен чалгын башкармалыгына спецназдын болгон резервдерин Авдеевкага таштоого көрсөтмө берди. Россиянын коргонуу министри менен чет элдик маалымат булактарынын билдиргенине караганда, карта жарыяланган. Анда аталган "оттун" диаметри 12 чакырымга жакын экени айтылат", — деген эксперт.
Адис Авдеев багыты согуштун эң кан кайнаган багыты экенин, бирок Купянск андан кем калышпастыгын белгилеген.
"Ал жакта да артиллерия колдонулган, "Солнцепёк" майданга салынган кармаш уланып жатат", — деп кошумчалаган Хроленко.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскердик операция: Россия Куралдуу күчтөрү Купянск багытында алдыга жылууда