БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Казакстандын мурдагы экономика министри келинчеги Салтанат Нукенованын өлгөнүнө көзү жеткенден кийин гана Тез жардам кызматын чакырган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маркумдун агасы, Павлодар облусунун мурдагы акими Кайрат Нукеновдун айтымына таянып кабарлады.
Нукенов бул ишке бир гана Бишимбаевдин эмес, анын инисинин да тиешеси бар экенин белгилеген.
"Бишимбаев инисин чакырып, анысы номерге бир нече жолу кирген. Алар Салтанат көз жумгандан кийин Тез жардам чакыртышкан. Иниси кабар бербегени үчүн эле эмес, адам өлтүрүүгө катышканы катары да жоопко тартылышы керек. Камерага түшкөн видеонун баарын өчүргөнү Бишимбаевдин шериги экенинен кабар берет. Ал агасынын буйругун эле аткарбастан, кылмышты кошо жасашкан", — деген маркумдун тууганы.
Нукенов Бишимбаевдердин үй-бүлөсү уулун коргой баштаганын айтып, кылмыш иши боюнча тергөө адилеттүү жүрбөй калышы мүмкүн деп кооптонуп жатканын кошумчалаган.
"Көпчүлүлүк Бишимбаев баңгизат колдонгонун айтып жатышат. Бирок экспертизада ал да аныкталган жок. Салтанаттын сөөгүн жуугандар анын денесинде ур-токмоктун изи, жараат, тактар өтө көп экенин айтып, таң калышты", — деген Нукенов.
Эске салсак, Астанада мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев жубайын сабап өлтүрүүгө шектелип кармалган.
ЖМКлар Бишимбаев ресторанда мас болуп аялын сабап салганын, ал Тез жардам келгенге чейин көз жумганын жазышкан.
Казакстандын ИИМи ресторанда мушташ болуп, андан аял каза тапканын гана тастыктаган. Куандык Бишимбаев 43 жашта. 2018-жылы жемкорлукка айыпталып 10 жылга соттолгон, бирок бир жылдан кийин шарттуу түрдө абактан чыккан. Абактан чыккандан кийин биринчи аялы менен ажырашып, Салтанат Нукеновага былтыр декабрда баш кошкону айтылды.