Байден Си Цзиньпин менен Украинадагы чатакты талкуулоого ниеттенип жатат

Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. АКШ Сан-Францискодогу Америка-Кытай саммитинде Украина менен Жакынкы Чыгыштагы чатакты талкуулоону туура деп эсептейт. Бул боюнча АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын айтканын РИА Новости жазды.
"Албетте, дүйнөлүк көйгөйлүү маселелер турат, лидерлер аларды талкуулаш керек. Бул — Россиянын Украинага каршы согушу жана Жакынкы Чыгыштагы кризис", — деген Салливан Ак үйдөгү брифингде.
АКШнын президенти Жозеф Байден эртең, шаршембиде, Кытай жетекчиси Цзиньпин менен Сан-Францискодо жолугууну пландап жатканы айтылды.
"Жолугушуу жемиштүү болот деп ойлойбуз", — деген Салливан.
АКШ Кытай менен Россиянын айласын таппай турат. Дүйнөлүк абалга сереп