Кыргызстан бир жылга чукул убакта дээрлик 100 миң кой-эчки экспорттоду

Экспорт импорттон бир кыйла көп.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги ушул жылдын 10 ай аралыгында республикадан экспорттолгон жана импорттолгон мал-жандыктардын санын жарыялады.
Мекеменин билдирмесине ылайык, экспорт импорттон бир кыйла көп.
Экспорт:
бодо мал – 42 745 баш;
кой-эчки – 96 710 баш;
жылкы – 4211 баш.
Импорт:
бодо мал – 19 469 баш;
кой-эчки – 940 баш;
жылкы – 5284 баш.
Эмдөө менен көп ооруну ооздуктап калдык, бирок көйгөй бар. Ветеринардын маеги