Токмокто жөө адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Жол кырсыгы 11-ноябрь күнү саат 03:30 чамасында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Токмок шаарында жөө адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалганын Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Токмок шаарында жөө адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
Билдирмеге караганда, жол кырсыгы 11-ноябрь күнү саат 03:30 чамасында болгон.
"Анда Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 37 жаштагы жөө кишини сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Натыйжада жөө адам алган жаракаттарынан улам каза тапкан", — деп айтылат кабарда.
Аталган факт Токмок ШИИБинин журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча иш козголгон.
Токмок шаарынын милиционерлери кырсыкка шектелген 24 жаштагы айдоочуну колго түшүрүшкөн. Анын автоунаасы айып короого токтотулуп, өзү убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды. Тергөө амалдары уланууда.
Бишкектин үстүндөгү айылда BMW X5 уланды коюп кетти. Сүрөт