Казакстандын тунгуч президентинин бир тууган иниси Болат Назарбаев көз жумду

2023-жылдын февраль айында Казакстандын Башкы прокуратурасы Болат Назарбаевге таандык болгон 300 миң гектар жерди мамлекетке кайтарган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Болат Назарбаев көз жумду. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин мурдагы башчысынын маалымат катчысы Айдос Укибай социалдык тармак аркылуу билдирген.
Анын маалыматында, Болат Назарбаев узакка созулган оорудан улам 71 жашында дүйнө салган.
Болот Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы, кичүү иниси. 2022-жылы ал Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен түзүлгөн фондго 1 миллиард теңге которгон. 2023-жылдын февраль айында Казакстандын Башкы прокуратурасы Болат Назарбаевге таандык болгон 300 миң гектар жерди мамлекетке кайтарган.
ЖМК: Казакстанда мурдагы министр аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды