Бишкектин негизги көчөлөрүнүн биринде троллейбус бакты сүздү. Сүрөт

Коомдук транспорттун айдоочусу капталындагы жеңил автоунаадан качам деп аракет кылганда, рулду башкара албай калганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Борбор калаада №10 каттамдагы троллейбус Байтик баатыр көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып жол кырсыкка кабылган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Окуя болжол менен эртең менен, тагыраагы, саат 8:10 чамасында болгон.
"Троллейбустун айдоочусунун айтымында, транспорттун сол жагынан жеңил автоунаа кысып чыккан. Андан качууга аракет кылып рулду башкара албай, айдоочу жол жээгиндеги бакты сүзүп токтогон. Жабыркагандар жок", — деп айтышты маалымат кызматынан.
Жол кырсык Кайгуул милициясы менен камсыздандыруу компаниясына катталган.
Бишкекте кагышкан эки машинанын бири эне-баланы коюп кетти