Сауд Арабиядан келген дарыгерлер жүрөккө бекер операция жасай баштады

Арабиялык адистер керектүү медициналык жабдууларды жана стенттерди ала келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Сауд Арабиядан Кыргызстанга келген дарыгерлер жүрөккө бекер операция жасап баштады. Кампания бир жумага, тагыраагы, 17-ноябрга чейин уланат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ведомство буга чейин аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү бейтаптарга бекер операция жасаларын кабарлаган.
1 / 3

Сауд Арабиядан Кыргызстанга келген дарыгерлер жүрөккө бекер операция жасап баштады.

2 / 3

Кампания бир жумага, тагыраагы, 17-ноябрга чейин уланат.

3 / 3

Ведомство буга чейин аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү бейтаптарга бекер операция жасаларын кабарлаган.

Арабиялык 30 хирург кыргызстандык кесиптештери менен биргеликте Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жүрөккө ачык 20 операция жана Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунда 50дөн ашык стент койгон операция жасары пландалган. Адистер керектүү медициналык жабдууларды жана стенттерди ала келишкен.
“Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Арабиядан келген хирургдарга Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдөрдү кыскартууга кошо турган салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Бул кайрымдуулук акциясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн министрлик бардык зарыл колдоолорду көрсөтөрүн белгиледи”, — деп айтылат маалыматта.
Боордун иштешин жакшыртат. Адис капустанын организмге таасирин айтты