БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Россия Украинадагы атайын операциянын жыйынтыгы менен аталган өлкөдөн дагы беш облусту бошотуп ала алат. Бул туурасында АКШнын мурдагы чалгынчысы Скотт Риттер маек бергенде айтканын РИА Новости жазды.
“Кеп атайын операциянын 2025-жылга чейин уланышы жана Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн кубатын арттырышы туурасында жүрүп жатат. Түпкү максатты эми көрө баштайбыз. Башкы, маанилүү стадияда “эгерде чатакты улантууну кааласаңар, аны созуп кое алабыз. Ал аяктаганда дагы беш облус Украинанын бөлүгү болбой калат” деген нерсе айтылган”, — деп белгилеген эксперт.
Анын пикиринде, Киев жетекчилигинде чек аралар өзгөрүп, башка өкмөт дайындалып кеткиче урушту дипломатия менен аяктоого мүмкүнчүлүк бар.
Батыштын ЖМКлары АКШ менен Евробиримдик украин чатагынан чарчай баштагандыгын, ал эми Зеленскийдин режимин колдоо улам бошоңдоп бара жаткандыгын байма-бай жазып жатышат.
NBC телеканалынын маалыматына караганда, америкалык жана европалык аткаминерлер Киевге Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча сөз кылууда. Анда макулдашууга баруу үчүн Украинанын эмнеден баш тартууга туура келери талкууланганы боюнча маалыматтар бар.