Уролог: балалуу боло албай жатканда аялды күнөөлөй берген туура эмес

Балалуу болуу аялга караганда эркекке көбүрөөк байланыштуу.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Тукумсуздукка бир гана аялды күнөөлөгөн туура эмес. Бул тууралуу уролог Игорь Князев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.
Дарыгердин айтымында, балалуу болуу аялга караганда эркекке көбүрөөк байланыштуу.
"Азыр иликтөөлөр жубайлардын көбү эркегиндеги көйгөйдөн улам балалуу боло албай жатканын көрсөтүүдө. Патология экөөндө тең болгон учурда дагы тукумсуздукка алып келиши ыктымал. Айрым учурда алардын бирөө башкадан балалуу болушу мүмкүн, бирок экөө кошулганда бойго бүтпөгөн учурлар да кездешет", — деген уролог.
Дарыгер балалуу боло албай жатканда медиктерге бир гана аял эмес, эркек да көрүнүшү керектигин белгилеген.
"Жылдап дарыланган аялдар бар. Бирок чынында көйгөй анда эмес, күйөөсүндө болот. Анткени кээ бир учурда жолдошу инфекцияны алып жүргөн адам болуп чыгат. Алар урологго барбай жүрө берет. Мындай учурда аялы гинекологго акчасын жөн эле коротот. Ошондуктан чогуу дарыланган оң", — деген Князев.
Тукумсуздукту өспүрүм кезде аныктоо мүмкүн эмес, бирок алдын алса болот. Маек