Бишкекте Кыргызстан-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү

Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкекте соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Бишкекте соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү

2 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов комиссия акыркы жолу жети жыл мурун отурум өткөргөнүн билдирди

3 / 5

Пакистандын делегациясынын башчысы, энергетика министри Мухаммад Али меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун маанилүүлүгүн белгилеген

4 / 5

Ал эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө, тереңдетүүгө салым кошорун айткан

5 / 5

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча отурумдун протоколуна жана Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Адал индустрияны өнүктүрүү борбору менен Пакистандын Илим жана технология министрлигине караштуу Стандарттарды жана сапатты көзөмөлдөө кызматынын ортосундагы келишимге кол коюлган

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов комиссия акыркы жолу жети жыл мурун отурум өткөргөнүн билдирди. Ал туризм, маданият жана спорт жаатында кызматташтыкты арттырууну, университеттер менен илимий уюмдардын өз ара байланышын жакшыртууну сунуштаган.
Өз кезегинде Пакистандын делегациясынын башчысы, энергетика министри Мухаммад Али меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун маанилүүлүгүн белгилеген. Ал эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө, тереңдетүүгө салым кошорун айткан.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча отурумдун протоколуна жана Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Адал индустрияны өнүктүрүү борбору менен Пакистандын Илим жана технология министрлигине караштуу Стандарттарды жана сапатты көзөмөлдөө кызматынын ортосундагы келишимге кол коюлган.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
ШКУ премьерлер кеңешинин жыйыны аяктап, КР төрагалыкты Пакистанга өткөрүп берди