ЖМК: Казакстанда мурдагы министр аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Полиция ресторанда мушташ болгонун гана тастыктап, башка маалыматтарды берүүдөн баш тарткан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Астанада мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев жубайын сабап өлтүрүүгө шектелип кармалганын Sputnik Казакстан РК басылмасына шилтеме берип жазды.
ЖМКлар Бишимбаев ресторанда мас абалында аялын сабап салганын, ал тез жардам келгенге чейин көз жумганын жазышкан.
Ал эми өлкөнүн ИИМи ресторанда мушташ болуп, андан аял каза тапканын гана тастыктап, башка маалыматтарды берүүдөн, анын ичинде мурдагы аткаминердин атын атоодон баш тартышканын Sputnik Казакстан белгиледи.
“Шаардагы ресторандардын биринде кардарлар ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен аял көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн. Шектүү кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалды”, – деген полиция.
Куандык Бишимбаев 43 жашта. 2018-жылы жемкорлукка айыпталып 10 жылга соттолгон, бирок бир жылдан кийин шарттуу түрдө абактан чыккан.
Алматыда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, эне-бала терезеден секирди. Видео