Өкмөттүн "Социалдык келишим" долбоору 99,6 пайыз майнаптуулугун көрсөтүп, катышуучу болууну каалагандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Нургүл Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан бери социалдык келишимдин алкагында өлкө боюнча 1,2 миңден ашык жаңы өндүрүш объектилери ачылды.
"Министрлер кабинетинин чечими менен 2024-жылы "Социалдык келишимдин" негизинде 20 миң үй-бүлөнү каржылоо пландаштырылууда. Былтыр өлкө боюнча аталган долбоорго жакыр жана аз камсыз болгон 2 800 бүлө катышкан. Быйыл алардын саны 10 миңге жетти. Долбоор 99,6 пайыз натыйжалуу болгонун көрсөттү, ага катышсам дегендердин саны улам көбөйүп жатат. Кыргызстан муну менен жакырчылыкты жоюуда жаңы моделди иштеп чыгып, башка өлкөлөрдөн көп жагынан артыкчылыкка ээ болду. Ал эми жыл башынан бери социалдык келишимдин алкагында республика боюнча 1,2 миңден ашык жаңы өндүрүш объектилери ачылып, эл ишкерлик кылуунун жолун таап жатат", — деди Исмаилова.
Ошондой эле адис келишим түзүп жаткан жарандар ар тараптуу билимин жогорулатып жатышы долбоордун ийгиликтүү болушуна себеп болуп жатканын кошумчалады.