ЖМК: Сирияда армия менен АКШнын күчтөрүнүн ортосунда кагылыш башталды

Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Дейр-эз-Зор шаарында бир тарабында америкалык жана "Сириялык демократиялык күчтөр" (SDF) турган, бир тарабында сириялык армия, анын союздаштары болгон эки жааттын ортосунда кагылышуулар башталды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
"Америкалык жана "Сириялык демократиялык күчтөр" (SDF) менен сириялык армия, анын союздаштарынын ортосунда айыгышкан кагылышуулар жүрүп жатат. Орто калибрдеги куралдардын ар кандай түрлөрү, оор артиллерия жана ракеталар колдонулууда", — деп айтып берген жергиликтүү телеканалга маалымат булагы.
Ал АКШ менен күрд отряддары Ефраттан чыгышты көздөй, Сирия армиясы союздаштары менен батышты көздөй согуш жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Дамаск америкалык аскерлердин ресурстарды уурдап жаткандыгын оккупация жана мамлекеттик каракчылык менен жаап-жашырып жаткандыгын бир нече жолу айткан жайы бар.
АКШ менен Россиянын аскерлери кайсы өлкөдө кагылыша кетиши мүмкүн?