Путин Казакстанга келип, Токаев менен жолукту. Видео

РФ лидерин аэропорттон Касым-Жомарт Токаев тосуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Казакстанга расмий сапар менен келип, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукканын Sputnik Казакстан жазды.
Билдирмеге караганда, Путин Казакстан лидери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мындан тышкары, эки мамлекеттин башчылары аймактар ​​аралык кызматташтыктын XIX форумунун пленардык жыйынына катышат. Иш-чара Костанайда уюштурулуп, президенттер ага видеобайланыш аркылуу катышары айтылды. Форум "Айыл чарба – күчтүү экономиканын негизи" деген аталыш менен өтүп, жыйынтыгында макулдашуулардын пакетине кол коюлушу күтүлүп жатканы кошумчаланды.
Дүйнө өзгөрүүдө. ШКУ, КМШ, ЕАЭБ саммиттеринен кийинки эксперттик көз караш